Парламенттин деңгээлин түшүргөн Жусупбек Коргонбай уулу

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Парламенттин ар бир чакырылышында билим деңгээли өтө төмөн депутаттардын да болуусу  мыйзам челемдилүүкө айланып бара жаткандай. Шайлоочулардын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолордон улам, азыркы иштеп жаткан парламенттин ошондой туш тарабынан деңгээли төмөн депутаты катары Жусупбек Коргонбай уулу аталууда. Ал  коомчулукка мамлекеттин чоң маселесин көтөрүү менен эмес, ЖКнын дааратканасында колдонуучу кагаздын жок экендигин айтуу менен тааныла баштаган. Ошондой эле ал казино маселеси талкууланып жатканда  задний вход  деп айтуунун ордуна задний проход деп айтып алып, дагы бир лакап атка конду. Арзан пиар жасап көнүп калган Жусупбек мырза таң атпай Ош базарга барып, азык-түлүктүн бааларын билген киши болгон  сыктанып соцтармактарга көргөнүн  жайгаштырат.Мындай депутаттар парламентке кандай өтүп кетет? Ошондуктан мындан кийинки шайлоолордо шайлоочулар кимди шайлап жатканына өзгөчө көнүл буруусу керек деген маселеси кабыргасынан коюлуп жатат.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg