Өзүңүздү өзгөнүн көз карашы менен карап көрүңүз!
08-үчтүн айы, 2019-ж // //Жашооңузга бир кылчайып башка көз караш менен карап көрдүңүз беле? Сиз кандай адамсыз, тегерегиңиздегилер кандай? «Заман өзгөрдү» дейбиз, ал эми бизчи? Эмесе, күн сайын өзүбүз «көрүп», бирок өтө маани бербей жүргөн өмүрүбүздүн кээ бир карама-каршылыктарына көз жүгүртүп көрсөк:
– «“Цивилизация” деп аталган өмүрдө жашап жатабыз» дейбиз, бирок маданияттын эмне экенин билбегендер канча?!
– Китепти аз окуйбуз, анын ордуна телефон, интернетке өтө көп үңүлөбүз.
– Медицинабыз күн сайын өнүгүүдө, бирок көп ооруйбуз.
– Ашказаныбыздын, акчанын, атак-абройдун, карьеранын кулубуз, бирок бир гана Жаратуучунун кулу экенибизди унутуп калып жатабыз.
– Заңгыраган үйлөр бар, бирок ичинде бакыт жок, баланын күлкүсү менен ызы-чуусу аз угулат…
– Биз үчүн бардык жумушту техника аткарат, бирок убакытыбыз ар дайым жетпейт.
– Качан болбосун шашып жүрөбүз, бирок күткөндү жек көрөбүз.
– Көп сүйлөп, аз угабыз.
– Чет элдин жылдыздарын жакшы тааныйбыз, бирок кошунабыздын ким экенин билбейбиз.
– Ден-соолук, кийим, тамак-аш, ата-эне, бир туугандар… бизде баардыгы бар, бирок жашообузга ыраазы эмеспиз.
– Өзүбүзгө бир нерсе керек болгондо тааныбаган адамдын асты-үстүнө түшө калабыз, бирок жаныбызда жүргөн жакындарыбыздан бир ооз жылуу көздү аяйбыз.
– Жумушка, эс алууга, уйкуга убакыт табабыз, бирок Жаратканга кулчулук жасоого 5 мүнөт таппайбыз…
БУЛАК:zaman.kg