Өзүн өзү уурдады деп билдирген жактоочуга акча керек болгон

Өзүн өзү уурдады деп билдирген жактоочуга акча керек болгон

13-теке, 2023-ж // Дүйнө кабары // Айпери Осмоналиева

Жактоочу сатуучуга берген акчаларын алуу максатында өзүн бирөөлөр уурдап кетти деп жалган көрсөтмө берген. Бул тууралуу Time News  басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта, Рио-де-Жанейронун жашоочусу  Родриго Барселос де Оливейра аттуу жактоочу соода борборун аралап, 11 сатуучу жайдан 13 миң бразилья реалын төлөгөн. Кызыгы, акчасын туура эмес которуп алган акчасына ичи ачышып аны кайрып алуунун жолдорун издей баштайт. Анын оюна адам уурдоо беренеси түшүп, жакынкы полиция бөлүмунө барып арыз жазган. Анда аны соода борборунун жанынан маскачан эки адам уурдап, беш сааттай кармап кое бергенин, ошондой эле төлөм карточкасын алар колдонгонун айткан.  Укук коргоо органдары тез эле шаардагы байкоочу камераларды карап, эч кандай уурдоо болбогонун, төлөм карточкасы менен өзү соода кылганын ачыктап чыгышкан. Качан гана калпы чыкканда ал каражат кыйынчылыгынан улам ушул ыкманы ойлоп чыгып, акчасын кайтарып алууну көздөгөнүн билдирген. Калп маалымат бергени үчүн жактоочу айып пулга жыгылган.