
Өзүн ашыкча мактаткан Самаковдор тескери натыйжа алып калбайбы?
23-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкек шаарынын Ленин шайлоо округунан талапкер катары катталган, экс депутат Каргамбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков чыкканы белгилүү. Эң манилүү соц тармак деп эсептелген, Фейсбуктун бетин толук бойдон ээлеп алгандыгы коомчулуктун аргыл катмарынын көңүлүн бууруда.
Себеби, ушул күндөрү фейсбуктун активдүү блогерлери, белгилүү коомдук маданий ишмерлер жана журналистерда бир ооздон Кубанычбек мырзаны кооз сөздөрүн аябай мактоого алышууда. Алардын пикири боюнча Кубанычбек Самаков боло турган шайлоодо утуп кетсе Жогорку кенеш дароо он жагына өзгөрүлөт имиш. 22- августагы фейсбукта бир колдонуучусу «ашыра мактап жатып тескери натыйжа алып албагыла»-деп эскертүүлөрүн ачык билдиришти. Айрымдары болсо он чакты жыл мурда Чуй өрөөнүндөгү жерлердин сатылышы боюнча ата- бала Самаковдорго ачылган кылмыш ишин да эстеп жиберишти. Ал кылмыш иши кадимки Жаныш Бакиев менен биргеликте жазалгандыгын, мамилекетке миллиондогон сом зыян келгенин дагы жазышууда.
Мейли атасынын кылмыш ишин эске албаганда, эл үчүн жасаган жакшы иштери да бар. Ал эми баласы Кубанычбек » Эл үчүн, мамлекет үчүн эсте кааларлык эмне иш жасады деген суроо ачык бойдон калууда».
Булак: Аргументк кж