Өзүмдөн 15 жаш кичүү бала колумду сурап жатат. Эмне кылсам?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Күйөөм менен үч жыл мурда ажырашып кеткенбиз. Бул экинчи күйөөм болчу. Биринчисинен да ажырашкам, Кудайым мага күйөөдөн айткан эмес окшойт. Турмуштан жолум болбоду. Азыр шаарда турам. Жумушум бар. Балдарымды өзүм иштеп багам. Кээде чынында жанымда күчтүү эркек болушун каалайм. Көптөн бери бир жигит менен сүйлөшүп жүрөм телефондон. Ал бойдок, окууну бүттү, жакшы жерге жумушка кирди, шаардан үй салды. Баарын алды, бирок канча жолугушууга чакырбасын барбай качып жүрдүм. Ошол балага жакында жолуктум, эми мага “турмушка чык” деп менин айламды кетирип жатат. Эмне кылаарымды билбей калдым, балдарымды аябай сыйлап жакшы көрөт. Менден он беш жаштай кичүү, бирок өтө акылдуу, ичпеген, чекпеген бала. Мени сүйүп калганын күндө айтат, “качпачы” деп жалдырайт. А мен эмне кылышты билбей ойлонуп жүрөм…

Аргумент.kg