Өзү башканы таап алып «сен убактынча квартирага чыгып тур»-дейт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Күйөөм экөөбүздүн жашаганыбызга 8 жыл болот. 3 балабыз бар. Былтыр бирөө менен жүргөнүн билип калып, ошондон уруш чыккан. Ажырашалы мен сен менен жашай албайм деген мага.Мен жашабасаң анда кете бер , ошонуна , бирок үйдү бизге калтыр дегем. Ал болсо сага үй эле керекпи, эмне бат эле макул болдун го дейт, анан мен айттым; жашагысы келбеген адам менен мен жашабайм. Аракет да кылбайм,  бирөө менен жүрүп атсаң деп. Сен убактылуу квартирага чыгып тур дейт. Мен бул үйдү сатып квартира алып берем дейт. Кредит бар ошону төлөш керек бир аз акчасына деп.Ошентип эми жарым жыл өттү чогуу эле жашап атабыз. Балдар үчүн жашап атам дейт. Мен кылган нерселерин эстеп алып , уже көңүлүм калыптыр, чувство жоголду, ойлонуп отурам кандай кылсам: жакшы көрбөгөн , башка кыздар менен сүйлөшкөн адам менен кантип өмүр бою жашайм көз жумуп? Кайра балдарымды ойлойм эмне болушат деп. Кетсем деле көчөдө калбайм. Бирок ушунтип жашап жүргөн да болбойт го ээ?

Аргумент.kg