Өзгөндө 16 жаштагы өспүрүмдү топ балдар уруп каза болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өзгөн районунда 16 жаштагы Элдияр Эрмек уулу топ балдардын ур-токмогунан каза болду. Бул тууралуу «Т-Медианын» жеринен чагылдырып жүргөн кабарчысы маркумдун жакындары таянып билдирди.

Окуя 20-декабрда болгон. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза болуп калган. Маркумдун жакындарына 21-декабрга оогон түнү кабар келген. Алар Элдиярды 19 бала сабаганын айтышууда.

«Каза болуп калгандан кийин моргго алып келишиптир. Андан киийин гана жакындарына кабар беришкен. Азыр экспертизага эч кимди киргизбей коюшту. Ушундай да болобу? Жакындарынан бирөө-жарым кирип эмне болгонун көрүш керек да. Милиция түнү 19 баланы шектеп алып келген экен», -дейт маркумдун агасы. Рустам Маманазаров. 

Элдияр Куршабтагы кесиптик окуу жайлардын биринде биринчи курста билим алчу. Эжеси Арзайым Кимсанованын сөзүнө караганда, окуу жылынын башында да ал токмок жеп үйүнө барган. Андан кийин ата-энеси лицейге жөнөтпөй коюшкан.

«Тогузунчу классты бүтүп Куршабдагы орто окуу айына тапшырган болчу да. Башында бир апта окуп, балдардан токмок жеп үйүнө барган. «Окубайм ата» дегенинен ата-энеси да окуткан эмес. Кийин агайы чакырып, «барды-келди окуп диплом алып ал» дешиптир. 19-декабрда алар дагы чакырышыптыр. Кечээ барып ушундай ишке кабылып отурат. Түндөн бери тергөө жүрүп жатат. Башы жарылыптыр. Чагымда балабызды ары-бери сүдүрөп урган окшойт», — дейт Кимсанова

Ош облустук милициясы окуя  тергелип жатканын, маалыматты кийинчерээк беришээрин билдирди.

Аргумент.kg