
Өзгөндө 16 жаштагы өспүрүм 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды
23-жалган куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваОш облустук милиция ,Өзгөндө 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 16 жаштагы өспүрүм кармалганын билдирди.
Милиция кызматкеринин айтымында ,Өзгөн районунун милициясына 38 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылган.Арызда кайрылуучунун 9 жаштагы кызы белгисиз адам тарабынан зордукталганы жазылган.
Учурда жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалууда.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө ,кылмышка шектүү катары Өзгөн шаарынан 16 жаштагы өспүрүм бала кармалган.
Арыз кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”) менен кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле,учурда тергөө иштери уланууда.
Булак:Аргумент кж