Өзгөн райондук соту тарабынан 48 жаштагы К.И. өзгөчө ырайымсыздык менен киши өлтүргөндүгү үчүн күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Бул тууралуу өкүмдө айтылат.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, соттолгон адам кашар ээсин балта менен чаап өлтүргөн. Айыптоочу тараптын айтымында, ал кылмышты унаа жана жылкы, ошондой эле iPhone уюлдук телефонун уурдоо максатында жасаган. Сотто К.И. күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.
«Киши өлтүрүүдөн бир күн мурун чабан үй жумуштарын жасоодон баш тартып, сарай ээсинен кыз таап берүүнү суранган. Соттолуучу менен иш берүүчүнүн ортосунда чыр чыккан. Эртеси кашар ээси уктап жатканын көрүп, балта менен чаап жиберген. Үй ээси ордунан турууга аракет кылганда К.И. аны дагы бир жолу урган», — деп айтылат өкүмдө.