
Өздөн чыккан жат жаман: Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысына арыздандыбы?
19-үчтүн айы, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваЭлчилердин негизги милдеттеринин бири эки өлкөнүн ортосундагы алаканы жакшыртуу болуп саналат. Бирок, Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев эки өлкөнүн ортосундагы мамилени бекемдемек тургай, Кыргызстандын саясатын сынга алып, кыргыз бийлигин жамандап жүргөнү ачыкталабы? Айтайын дегенибиз, Аманбаев жакында АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы, Американын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Дональд Лу менен жолугушуп, кыргыз бийлигинин дараметин сынга алганы кандай? Бул өз мамлекетине жасалган чыккынчылык эмеспи?..
Мындай кадамдарынан кийин ал кантип мамлекеттин жүзү болуп олтурат? Өздөн чыккан жат жаман демекчи, Кыргызстандын АКШдагы элчилигинде иштегендер Аманбаевдин мындай жосунсуз жоруктарынан чарчашып, анын кетирген кемчиликтерин чекеден санап беребиз деп жатышабы?
Тышкы Иштер министри Бакыт Аманбаевдин мындай кадамдарын кылдат текшерип баа берүүсү абзел. Болбосо, мына ушундай чала сабаттар президенттин беделине шек келтирип, өз кызматтык ордун сактап калуу үчүн өлкөнү туңгуюкка кептеп коюшу ыктымал.
Чындык.медиа