Өзбекстанда президентикке талапкерлигин койгон ,талапкердин ысымы аныкталды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Өзбекстандын экологиялык партиясы» президенттикке лидери Абдушүкүр Хамзаевдин талапкерлигин көрсөтөт. Мындай чечим партиянын 11-майда өткөн кезексиз жыйынында кабыл алынды.

50 жаштагы Абдушүкүр Хамзаев Самарканд айыл чарба институтун жана Мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган. «Өзбекстандын экологиялык партиясына» лидер болуп шайланганга чейин партиянын аткаруу комитетинин төрага орун басары болуп иштеген.

Хамзаев Өзбекстанда элге өтө таанымал саясатчы эмес. «Экологиялык партия» 2021-жылкы президенттик шайлоого талапкер катары Нарзулла Абламурадовду көрсөткөн. Расмий маалыматтар боюнча анда ал шайлоочулардын 4,1% добушун алган.

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 9-июлга белгиленип, шайлоо өнөктүгү 10-майда башталган.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg