
Өзбекстан: президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды
29-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваӨзбекстанда 9-июнга белгилегенге кезексиз президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кабарлады.
Маалыматка караганда, Өзбекстандагы жана чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелери мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн 28-июнда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дө ачылды.
Өзбекстандын шайлоо кодексине ылайык, мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө шайлоо күнү жашаган аймагында боло албай турган жарандар катыша алат. Бул үчүн алар шайлоо күнү эмнеге добуш бере албай тургандыгынын себебин жазып, аймактык шайлоо комиссияларына арыз менен кайрылышы керек болот.
Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү укугуна ээ болгон жарандар бюллетенди жашыруун добуш берүү бөлмөсүндө толтурат. Ал атайын конвертке салынып, аймактык комиссиянын эки мүчөсү кол коюп, мөөр басылат. Андан соң сактоо үчүн жергиликтүү шайлоо комиссиясынын сейфине салынат.
БШКдан белгилешкендей, мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 5-июлда аяктайт.
Булак: Аргумент кж