Отунбаева Бакиев менен бир столго отурбайм деп чыр салып…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

Дубайда өткөн экс-президенттердин жолугуушусу бүгүнкү күнгө чейин коомчулуктун бүйүрүн кызытып келет. Кайсы президент эмне ой менен келгени, кандай пикир айтканы азыркыга чейин талкуудан түшө элек. Биздин оюбузча абдан принципиалдуу позиция Роза Отунбаеваныкы болду окшойт. Ал жигиттерди өлтүрүп качып кеткен Бакиев менен бир столдо отурбайм деп баш тарткан. Бирок андан кийин терең ойлонуп, өлкө жана эл кызыкчылыгын жогору коюп жолугушууга барды. Башкалар сыяктуу өзүнө пиар жасагысы келген жок. Демек ушундан улам Отунбаева өз кызыкчылыгынан Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын чындап жогору коеру байкалып калды.

Булак : Аргумент.кж

Аргумент.kg