Саясат

«Отставкага кетсин!». ЖК аппарат жетекчиси 1 жумадан бери дайынсыз

Парламенттин аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбековду кызматтан алууну талап кылууда. Бул тууралуу жыйында депутат Алайбек Алымбаев билдирди.

Анын айтымында, аппарат жетекчиси бир жумадан бери жумушка келе элек.

«Мен аны бир жумадан бери таба албай жатам. Ал бир талапкерге жардам берип жатканы айтылууда. Анын чет өлкөгө уруксатсыз кеткени тууралуу да маалымат бар. Ал эмне кылып жатат? Аны жумуштан бошотуп, биздин аппаратка тажрыйбалуу адамды дайындоо керек”, — деди Алайбек Алымбаев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *