Адегенде “Ихлас” курулуш компаниясы Жантөрө Сатыбалдиевге жабышып, Ош, Жалал-Абадды кайра калыбына келтирүү дирекциясынын колдоосу менен көп кабаттуу үй салганы белгилүү. Элдин нааразычылыгына себепкер болушканын эскертмекчибиз. “Ихластын” Оштогу салган үйүнөн жарака кетип, авариялык жагдайга тушугуп, канчалаган жашоочулар ыйлап жүрүштү? ЖМКларга далай ирет чыккан. 

Ошентип, Жантөрө Сатыбалдиевден оомат тайганда, ага-ини Осмоновдор ойт беришип, Икрам Илмияновдун этегине эрмешүү менен бизнестерин гүлдөтүп киришкени жашыруун эмес. Бишкек, Оштон гектарлаган жерлерди мыйзамсыз алышканы канча ирет айтылды, жазылды? Бирок, бийликтин колтугуна кирип алган “шылуундарды” эч ким тизгиндей албай, булар байыганын токтотушпай, ашынып кетишкен. Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден кийин Икрамдын да хандык күнү бүтүп, Сооронбай Жээнбековдун доору башталат. Ошол кезде Акүйдө Алмамбет Салиев аттуу “серый кардинал” пайда болгону, дал ушуга “ихласчылар” көнгөн адаттарынча жабышып, бай-манаптык доорун кайра улантышат. Улам келген бийлик төбөлдөрүнө көмүскө миллиондорду бербесе, булар менен ким сүйлөшмөк эле? Туурабы?

Былтыр элдик төңкөрүш жасалып, Айбек, Нурбек аттуулар дирилдеп коркушуп, качып калышканы айтылган. Көп өтпөй жаңы бийликке да жагалданышып, жол табышканы жалганбы? Орто жерден Ош шаарынын мэриясы “ойноткон” тендеринде мыйзамсыздык жаралып, Осмоновдордун фирмасына тийешелүү коррупциялык элементтер табылганын УКМК көтөрүп чыгып, Таалайбек Сарыбашовдун аркасы менен күмөндүү иштерди жасашканы жарыяланып, чуу чыкканы эсибизде. Натыйжада, көшөгө артынан бүтүрүп кетишкенби? “Жабылуу аяк жабылуу” бойдон калгандай…

Учурда ити чөп жеген “Ихласка” айтылуу Арзыбек Бурканов “крыша” экенин Bespredelkg_07 Инстаграм баракчасына жазып чыкты. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Таңгаласың. Кайсы бийлик келбесин, Осмоновдорго оңдой берди жол ачыла береби? Качанкыга чейин “кол жоолукка” айланышып, манчыркай беришет? Акыры акыйкат соту астында мыйзамсыз байыгандары, мамлекетке зыян келтиришкендери боюнча жооп беришеби? Кудай буюрса, ал күн да келсе керек…

«Азия Ньюс» гезити