Осмонакун Ибраимов эмне менен алек?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Азыркы учурдагы кыргыз саясатында өтө татаал карама-каршы фигуралар арбын. Ошолордун бири Осмонакун Ибраимов. Алалыскы Алайкууда туулуп өсүп, жашынан билимге умтулду. Орус калкы жашабаган жерде өссө да, кыргыз Мамлекеттик университетинин орус филология факультетине келип кирди. Андан кийин алдынкы студенттердин катарында болуп, чыгармачылыкка берилип, өзүнүн турмуштук жолун илимден тапкысы келди. Жазуучулукка эмес, адабиятка баш урду. Бат эле кандидаттык дисертациясын жактап, Бишкектеги жогорку окуу жайларда мугалимдик кызма- тын баштап кафедра жетекчилигине чейин көтөрүлдү. Анан эле алп держава СССР кулады. Эгемен Кыргызстандын алгачкы Президенти Аскар Акаев өзүнүн тегерегине билим- дүүрөк адистерди топтой баштаганы Осмонакун мырза үчүн да оңдой берди болду. Жаш окумуштуу Акаевдин командасына кирди. Адегенде бөлүмдөрдө иштеп жүрүп, Акаевге пресс -катчы да болду. Кийин Индияга элчи болуп, кызмат кылып келген соң, кайрадан пресс катчылыгын аркалады. Ошол учурда эле Осмокакун мырза Аскар Акаевге берилүү менен кызмат кылган дешет. Керек болсо Акаевдин үй-бүлөсүнө карата коюлган чабуулдарды төшү менен тосуп, билдирүүлөрдү да жасаган экен. Маселен, Бермет Акаеванын күйөөсү казак жараны Адил Тойгонбаев жөнүндө: «Ал жалпы Кыргызстандын күйөө баласы деп айткан.» Анын кызмат тепкичи улам жогорулап, адегенде КРнын вице-премьер министри кийин дагы бир үлкөн даражалуу кызматка келип мамлекеттик катчы болду. Колуна бир далай эле бийлик топтолуп адабият, маданият, пресса жана ар кандай мааракелерди, тойлорду, фестивалдарды уюштуруу, теле программаларды даярдоо жагынан өтө көп иштерди жасады. Керек болсо, ошол программаларды өзү алып барып жүрдү. Мына ошондой учурлардын биринде 2005-жылдын 24-марты да кирип келди. Осмонакун Ибраимов окуялар болуп жаткан учурда кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазган, өзүнүн сөзүнө караганда эртең мененки саат 8 де Акаевге кирип сүйлөшкөндө курал колдонуу керек деген сөздү укканда ага каршы чыккам дейт. Андан кийин арызын жазып коюп, курчоого алынган Ак үйдөн чыгып кеткен. Кийин Осмонакун мырза көп билдирүүлөрдү жасабай, окуя кандай өнүгөөрүн баамдап турган дешет. Өзүнүн активдүүлүгүн «Кыргыз-Түрк Манас», «Кыргыз Славян» университеттеринде профессорлук кылып, андан сырткары мезгилдүү басма сөзгө мемуар өңдүү чыгармаларды жазып, китептерин чыгарып келди. Албетте, ал чыгармаларында канча кылган менен билимдүү мырза бир топ эле оригиналдуу ойлорду айтат. Эркин журналист катары «Азаттык» радиосуменен да кызматташып, дүйнөдөгү кызыктуу инсандар окуялар тууралуу баяндамаларын жазат. Мисалы, Венесуеланын мурдагы президенти Уго Чавестен баштап, Улуу Британиянын королевасы Елизаветага чейин. Андан сырткары Айтматов жана анын чыгармачылыгы тууралуу бир топ эле эсселерди

жазды. «Манас эпосунун» тегерегиндеги 80-90-жылдары болуп өткөн катуу полемикалуу чыр-чатак тууралуу Токомбаев жана Айтматов жөнүндө «Титандардын кармашуусу» деген публицистикалык макаласы бир топ эле кызыктуу фактыларды жана ой-пикирлерди камтыган. Бирок, эмнегедир ал мурдагы жетекчиси Аскар Акаев менен байланышы бар- бы-жокпу афишалабайт. Майрам Акаева гана бир интервюсунда Осмонакун мырза жөнүндө: «Анын бизге анча-мынча таарынычы болсо да, бизге карата жаман кептерди айткан жок»-деп белгилеген. Айтор революциянын шарданы менен капысынан кызматынан кетсе да, Осмонакун мырза үчүн адабияттын жана публицистиканын даңгыр жолу ачылды. Балким, бул дагы анын башка жактарын ачканга шарт түзгөндүр. Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg