“Оштуксуң” деп чүнчүткөн күйөөм кайра гүл көтөрүп келе баштады

“Оштуксуң” деп чүнчүткөн күйөөм кайра гүл көтөрүп келе баштады

14-бештин айы, 2022-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Менин жашым жыйырма бештен өтүп, «кара далы» аталып бараттым. Анүстүнө менден эки жаш кичүү сиңдим турмушка чыгып, эки балалуу болуп калды. «Тигине, сенден жаш сиңдиң эки балалуу болуп калды. Качан турмушка чыгасың?» деген сөз ар бир жолуккан адам тарабынан айтыла берип чарчадым. Кесиптешим менен мамиле куруп калдым. Анын кулк мүнөзүн жакшы деле биле электе эле, ал адам негедир ишенимиме толо электе эле турмушка чыгууга колумду сурап калды. Менин дагы кулагымдын кужурун алып шаштыра беришкендиктен макулдугумду бердим. Мен өзүм Оштун кызы элем. Кайын журтум Нарындан болуп, Нарынды көздөй кете бердим. Бирок баргандан эле «оштук» деп кайненем жактыра берген жок. Ага күйөөм да кошулат. Бирок бул менин тагдырым да. Турмушка чыккандагы, жаңы келиндик доорум бир топ оор болду. Жактырбай, кемсинтип, артымдан ар нерсе сүйлөп турушканына акыркы күндөрү көнүп да бүткөндөй болдум. Эки жылга жакын боюма да бүтпөй, суук көрүнүп бүттүм. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, бирок кош бойлуу болуп, уулдуу болдук. Уулум төрөлгөндөн кийин негедир башкача жашоону күткөм. Бирок мурдагы эле жашоо, супсак күндөр улана берди. Айрыкча кайненемдин «салбыраган оштун кызы» деген куру асылуулары тажата баштады. Кайын журтумдун көзүн карап же өз алдымча жумуш да иштей албадым. Аябай жүдөп, чүнчүп кеткен соң Бишкекти көздөй келе бердим.

Болгон энергия, күчүмдү салып иштеп баштадым. Күн санап турмушум оңолуп, өз алдымча жеке ишкерлик менен алектенүүгө ишкана ачып, кыздарды иштетип, бат эле бутумдан туруп кеттим. Бир бөлмөлүү үйдү бир жыл аралыгында алууга жетиштим. Автоунаа алып, үйүмдү кеңейтип, күн санап Кудайга шүгүр, жашоом оңолуп келет. Мендеги бир гана жетишпестик – менин жалгыздыгым. Менден соң үч ирет үйлөнүп, бирок бакыт таба албаган күйөөм кайрадан колумду сурап, уулун көргүсү келгенин айтып, түрдүү шылтоолор менен келчү болду. Мурдагы мүнөздөрүнүн бири жок. Гүл көтөрүп алып келчү болду. «Кутмандуу таң», «Түнүң бейпил болсун» деп ж.б. каттарын тынбай жазат. Азыр эки ача ойдо турган кезим. «Кантсе да уулумдун өз атасы эмеспи» дейм. Кайра чүнчүгөн, басынган баягы күндөрүмдү эстейм…

Турмуш деген ушундай экен. Айрым кыздар турмушка чыккан соң гүлдөй ачылып, «кара кыздын агынан эмес багынан» дегендей, бактылуу жашоолору башталат. Кээ бири мага окшоп чүнчүп, кыйналып, акыры ажырашууга барат. Айрымдары кандай азап болбосун чыдап жүрө берет. Кыргыз кыздары турмушка чыккан соң психологиялык оор эле абалды баштан кечиришет. Менин айтайын дегеним, жаңы келген келинди кайын журту сындабай, барктап, баалап, кыздарындай мамиле кылса, баардык кыйынчылыктар артта калат.

Булак: «Азия ньюс»