
Оштогу салондо аялдар эркектерге укалоо жасап, жыныстык катнашта болуп келишкен. Кызматтын баасы аталды
24-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваОш шаардык соту сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү боюнча айыпталган келиндин жазык ишин карап чыкты. Өкүм 2023-жылдын 9- мартында кабыл алынган.
Жармагүл (аты өзгөртүлдү, Б.Ж.кызы) 1996-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган, орто билимдүү, ажырашкан, мурда соттолгон эмес, убактылуу иштебейт.
Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Жармагүл 2022-жылдын декабрынан 2023-жылдын 26-январына чейин Ош шаарындагы салондорун бирин ижарага алып, аны сойкукана катары иштетип келген. Өзү уюштуруу, тескөөчүлүк аракеттерди, анын ичинде кардарларды кабыл алуу, алардын суроо-талаптарына жооп берүү, интимдик кызмат көрсөткөн аялдарды кардарларга көрсөтүү, акча алуу, акчанын эсебин жүргүзүү, ал жакта иштеген аялдардын иштөө графигин түзүү иштерин аткарган. Бир сааттык интимдик кызмат көрсөтүүнүн баасы 2 500 сомдон 10 000 сомго чейин болгон. Жармагүл бул каражаттын 50 пайызын алып, калган пайызын кызмат көрсөткөн аялдарга берип келген.
Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан сойкулук жана ыплас аракеттерге бөгөт коюу максатында 2023-жылдын 26-январында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттердин натыйжасында Жармагүл аталган салондо ыплас кызмат үчүн 1500 сом алган учурда кармалган.
Ошондой эле, салондон 4 500 сом, бир даана презерватив, укалоонун (массаж) тизмеси алынган.
Соттук териштирүү учурунда жактоочу М.Р. жана айыпталуучу Жармагүлдүн өтүнүчү боюнча процесстин катышуучуларына убакыт берилип, натыйжада 2023-жылдын 6-мартында күнөөнү мойнуна алуу тууралуу процессуалдык макулдашуу түзүлгөн.
Соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу менен жактоочу М.Р. жана
айыпталуучу Жармагүл процессуалдык макулдашууда каралган жазаны
дайындоону колдошту.
Жыйынтыгында Жармагүл Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 1- бөлүмү (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин пайдасына 100 000 сом айып салынды.
Булак: Аргумент.кж