Оштогу айланма жолдун сапаты текшерилип, 2,5 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды

Оштогу айланма жолдун сапаты текшерилип, 2,5 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды

28-теке, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Жолдун сапатсыз курулушу боюнча №21 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери кармалды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, кызматкерге 3 берене менен кылмыш иши козголду.

Белгилүү болгондой, Транспорттук прокуратура жана Ош облустук прокуратурасынын жумушчу тобу тарабынан Ош шаарынын түндүк тарабынан айланып өтүүчү мамлекеттик маанидеги Ош айланма жолунун 12-17 чакырымында («Т-түрүндөгү» кесилиштен тартып Ош-Кара-Суу автожолуна чейин) асфальт-бетон төшөөнүн сапатына, ишти аткарууда мыйзамдардын сакталышына текшерүү жүргүзүлдү.

Булак: Аргумент кж