Ошто жол кырсыгы катталып 6 адам каза тапты

Ошто жол кырсыгы катталып 6 адам каза тапты

06-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бүгүн, 6-июнда Бишкек — Ош жолунда эки унаанын катышуусунда болгон жол кырсыктын кесепетинен 6 адам каза болду.

Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, кырсык жолдун 178-чакырымында саат 07:00 чамасында болуп, Toyota Alphard менен Mercedes-Benz унаасы сүзүшкөн.

«Алдын алаа маалымат боюнча, Toyota Alphard оң рулдуу унаасы карама-каршы тилкеге чыгып Mercedes-Benz унаасы менен кагылышкан», — деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, жол кырсыктан жалпы 14 адам жабыркаган. Алардын ичинен окуя жеринде 4 адам көз жумган. Ооруканага алып бара жатканда дагы 2 киши каза тапкан.

Учурда ооруканага жеткирилген адамдардын абалы такталууда.

Булак; Аргумент кж