
Ошто киши аялы менен 13 жашар кызын сабап салган
28-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваОш облусунун Кара-Суу районунда эркек киши аял менен 13 жашар кызын сабап салды. Бул туурасында укук коргоочу Назгүл Турдукулова жазып чыкты.
Айтымында, 27-августта аял менен кыз оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылды.
«Бул үй-бүлөнүн улуу кызы жүрөк кемтиги менен жабыркайт. Андан тышкары кичинекей балдары да бар. Зомбулук күчөп жатат», — деп жазды ал.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынан редакцияга окуя такталып жатканын, маалымат берилерин айтышты.
Булак: Аргумент кж