Ошто казинодо акча уттурду деген билдирүүдөн кийин тергөө башталды

Ошто казинодо акча уттурду деген билдирүүдөн кийин тергөө башталды

11-теке, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Аваз Номанов казинодо отургандар чоң суммадага акчаларын уттурганын айтып, видеого тарткан. Анын билдирүүсү боюнча иликтөө иштери башталганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгилесек, 10-июлда Аваз Номанов Ош шаарында «RingoTrade» аталыштагы кумар ойноочу жай (казино) иштеп жаткандыгын билдирип кайрылган.

«Аталган кайрылуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, иликтөө башталды. Окуяга юридикалык баа берилип, кошумча маалымат берилет», — дешти башкармалыктан.

Булак: Аргумент кж