Ошто эркек киши кызганычтан досун өлтүрүп, аялына 8 жолу бычак сайды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ошто эркек киши досун өлтүрүп, жарандык никедеги аялын жарадар кылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык милициянын маалымат кызматынан билдиришти. Маалымдалгандай, окуя кызганычтан улам орун алган. Алдын ала маалымат боюнча, алар 31- декабрдан 1-январга караган түнү бирге ичимдик ичип отурушкан. Эртең менен жарандык никедеги аялын кызганып, шектүү ашкана бычагы менен досун санга сайып жиберген. Ал алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон. Андан соң шектүү аялына 8 жолу бычак сайган. Учурда аял ооруканада, абалы жакшы экени айтылат маалыматта. Ал эми кылмышка шектүү кармалып, Ош шаарындагы №5 СИЗОго киргизилген.

Аргумент.kg