
Ошто аял менен эркек жергиликтүү тургунду сабап, карактап кеткен
06-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваОш облусунун Кара-Суу районунда каракчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 31-августта милицияга Жийделик айылынын тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 31-августка караган түнү болжол менен саат 00:10до үйүнө бейтааныш «Рахатай» аттуу аял жана эркек киши келип, ур-токмокко алып, 19 миң сом акчасын жана үй тиричилик буюмдарын алып кеткен.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында 2-сентябрда шектүү катары 33 жаштагы Р.Д. жана 29 жаштагы С.Д. аттуу жарандар кармалып, камакка алынган.
Учурда тергөө иштери улантылууда
Булак: Аргумент кж