Ошто аял 3 баласы менен кошо көз жумду

Ошто аял 3 баласы менен кошо көз жумду

13-үчтүн айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Ош шаарына караган Жапалак айыл өкмөтүндө 33 жаштагы келин 2 уул, 1 кызы менен көз жумду. Аталган маалыматты Ош ШИИБинен тастыкташты.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, тогуз жана үч жаштагы балдар жана сегиз жаштагы кыз көмүр кычкыл газына ууланып каза болушкан. Алардын апасы да каза болгон», — деп билдирди башкармалык.

Маалыматтарга караганда, окуя 10-январда катталган. Ал учурда жолдошу жумушта болгон.