Ошто асынган абалда табылган эки шектүү. Алардын бири апасына кат жазган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

4-декабрда Кадамжайда 14 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген 2 жаран Оштогу СИЗОдо асынып, көз жумганы маалым болгон.

Журналисттерге алардын жакындары буга ишенбей жатышканын айтышты. Маалыматка караганда, төрт шектүү 1-декабрда Оштогу СИЗОго которулган. Каза болгон шектүүлөрдүн бири А. уулу С. буга чейин апасына кат жазып, жактоочу алмаштырууну суранган. «Адвокат алмаштырыңыздар, аны Оштон алыңыздар»,- деп жазылган катта.

4-сентябрда Кадамжайда 14 жаштагы мектеп окуучусу өлтүрүлгөн. Жансыз денесин мал кайтарып жүргөн киши тапкан. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгон кыздын жансыз денеси табылган. Анын аты-жөнүн тактоо учурунда ал Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.  Кылмышка шектелип 4 жаран кармалган болчу. Алардын ичинен бирөөсү өспүрүм.

Аргумент.kg