Ошто » Алымбек  менен Курманжан операсынын бет ачары болот

Ошто » Алымбек менен Курманжан операсынын бет ачары болот

22-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

31-августта Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында «Алымбек менен Курманжан»
операсынын бет ачары болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти
Кабарлангандай, тарыхый драмада кыргыздын улуу саясий ишмерлери Алымбек датканын жана Курманжан Датканын мекенге
болгон суйуусу, өмүрү жана кызматы баяндалат.
Башкы ролдорду Кыргыз Республикасыныр эмгек синирген артисти Нуржигит Асанов, Кыргыз эл артисти Бактыбек Ыбыкеев
(Алымбек датка) жана Кыргыз Эл артисти Айзирек Момунова жана Бактыгул Бокоева (Курманжан датка) аткарат.
Коюучу-режиссёр Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти Искендер Сартбаев, коюучу-сурөтчу Кыргыз эл сурөтчүсү
Маратбек Шарафидинов, балетмейстер Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти Канат Надырбек, башкы | хормейстер Кыргыз эл артисти Карагул Тиленчиев

Булак: Аргумент кж