Коом

Ошто аёосуз сабалган бир туугандардын абалы айтылды

Жайлоодо сабалган Өзгөн районунан келген эки бир туугандын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу журналисттерге Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынан билдиришти.

Медициналык мекеме 28 жаштагы Базарбай уулу Илгиздин абалы туруктуу оор деп бааланып жаткандыгын маалымдады. Мурун сөөктөрү, жаак сөөктөрү, ошондой эле баш сөөктөрүнүн сыныктары бар. Ал сүйлөп жатат.

«Томография жасалды. Жакынкы күндөрү аны бет-жаак хирургия бөлүмүнө которуу пландаштырылууда, андан кийин операция жасалат. Азыр Нейрохирургия бөлүмүндө дарыланып жатат. Анын агасы, 33 жаштагы Чыңгыз Батыров дагы нейрохирургия бөлүмүндө жатат. Анын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Сүйлөй албайт, баш сөөгү сынган. Мындан тышкары, операциянын натыйжасында мээге тийген сөөк алынып салынды», – деп билдиришти ооруканадан.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, 18-июлда түнкү саат бирлер чамасында Ош облустук ооруканасынан милициянын нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Алар Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кочкор-Ата айылынын эки тургуну, 28 жаштагы Б. уулу И., 33 жаштагы Б.Ч., ошондой эле Базар-Коргон районунун тургуну 32 жаштагы М.А.лар ар түрдүү дене жаракаттары менен келишкендигин кабарлашкан.

Бул факт боюнча материалдар КЖБРдин каттоосунан өтүп, ыкчам-тергөө тобу ооруканага кетишкен. Андан кийин Кочкор-Ата айылынын 56 жаштагы тургуну Б.Б.Б.дан арыз келип түшкөн. Анын айтымында, 17-июль күнү саат 21:30 чамасында Жайылма жайлоосунда анын уулдары менен күйөө баласын сабап кетишкен. Арыз ээсинин айтымында, буга жаран У. уулу А. жана анын достору катышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *