Коом

Ошто 29 жаштагы келин менен төшөктө болгон жигит жыныстык катнаштан кийин милиция кызматкерлерин чакырды

Ош шаардык соту Буурайхандын (аты өзгөртүлдү) жазык ишин карап, өкүм чыгарды.

Ал 1998-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган, билими толук эмес орто, бойдок, 1 баланын энеси, убактылуу эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, 2021-жылдын 12-июлунда Ош ШИИБдин башчысына Ош шаарынын аймагында Буурайхан (аты өзгөртүлдү) аттуу жаран сойкулук жасоого шарт түзүү үчүн көмүскө жай уюштуруп жатканы боюнча билдирүү түшкөн. Ал Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү (сойкулукка жана ыпыластыкка көмөктөшүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Анын жүрүшүндө Буурайхан көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде көмүскө жай уюштуруп, сойкулук менен алектенип жатканы, бул ишке өзүнүн 1992-жылы туулган таанышы Гүлүмканды (аты өзгөртүлдү) аралаштырганы аныкталган. Ошондой эле бул жерден 500 сомдук 2 купюра, 200 сомдук 4 купюра жана 100 сомдук 2 купюра табылган.

Буурайханга Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде айыбы угузулуп, жазык иши кароо үчүн сотко өткөрүлүп берилген.

Соттук териштирүүдө айыпталуучу Буурайхан күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын айтымында, Гүлүмканды сойкулук жасоого тарткан эмес. Бир күнгө ижарага берилүүчү батирде өзү жалгыз сойкулук кылып келген. Ал эми Гүлүмкан ага телефон чалып: «Сени менен чогуу иштейин. Батир таба албай жатам» деп жанына келген. Анын иштеген акчасынын 50 пайызын алган эмес. Кармалган күнү Бектен келип, Гүлүмкан менен жыныстык катнашта болгондон кийин милиция кызматкерлери келишкен.

Буурайхан сотто кечирим сурап, ага карата айып пул жазасын колдонууну, жазаны жеңилдетип берүүнү суранды.

Соттук териштирүүдө күбө — ички иштер органдарынын ыкчам кызматкеринин айтымында, 12-июлда Буурайхан аттуу келин Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде сойкулук жасоого шарттарды түзүп жатат деген маалымат алынган. Анын негизинде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, Буурайхан аталган батирде сойкулук жай уюштуруп, Гүлүмкан менен чогуу иштеп жатканы аныкталган. Андан кийин ал жерге Бектен барып, Гүлүмканга 2000 сом берип, аны менен жыныстык катнашта болгон. Андан соң ал милиция кызматкерлерин чакырган.

Соттук териштирүүдө күбө Бектендин айтымында, милиция кызматкерлери берген акча менен 12-июлда аталган батирге барган. Ал жактан Гүлүмкан менен жыныстык катнашта болгон. Андан кийин милиция кызматкерлери келишкен.

Буурайхан Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү (сойкулукка жана ыпыластыкка көмөктөшүү) менен күнөөлүү деп табылып, 2200 (220 000 сом) эсептик көрсөткүч менен айыпка жыгылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *