КоомСаясат

“Ошский” деген журналист Арсланбек Сартбаев кечирим сурады

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашев тууралуу сын пикирин жазган журналист, “Азия Ньюс” гезитинин жетекчиси Арсланбек Сартбаевге УКМК 313-берененин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Сартбаев өзүнүн Фейсбук баракчасына кылмыш иши козголушу боюнча төмөнкүдөй билдирүү жазды.

Мен жалпы оштуктарга сөз тийгизип, акаарат келтирген жокмун. Бул факт! Болгону Бишкек мэрлигине келген Таалайбек Сарыбашовго карата суроо берип, сын-пикиримди ортого салдым. Адам баласында сөз, ой эркиндиги болушу керек. Дароо эле кылмыш ишин козгоп, камакка алууга басым кылышканы абсурд! Эгерде кимдир бирөөнүн сезимине, намысына шек кетсе, анда кечирип коюңуздар. Биз бир улутпуз, ынтымакта бололу! Мага жана үй-бүлөмө коркунуч келтиргендерге сабыр тилейм!
А баса, мен “Азия Ньюс” гезитинен Ташиевдин, Сарыбашовдун ишмердиктерин сындап келгем, ошол жагынан өч алууга баратышса жигитчиликке жатпай калат!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *