ОшМУ, ОшТУдагы “мафиялар”… Же Бейшеналиевдин ордуна келген Мамбетакуновдун суроо жаратканы

ОшМУ, ОшТУдагы “мафиялар”… Же Бейшеналиевдин ордуна келген Мамбетакуновдун суроо жаратканы

31-тогуздун айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Медицина тармагында “оорунун алдын алган жакшы” деген сөз бар. Ошол сыяктуу терс таасирин тийгизчү реформалардын алдын алганыбыз зарыл. Билим тармагындагы туура эмес реформаларды коомчулук катуу сынга алды, бирок эч кандай алдын алган чара көрүлбөдү. “Калк айтса калп айтпайт” дегендей, элдин сынына далил катары Алмазбек Бейшеналиев өзү койкоюп коррупциянын башында турганы жумурай журтка маалым болуп, элдин оозун ачырса, бир айга жетпей чыга келгени экинчи жолу таңгалдырды. Ал түзүп кеткен коррупциялык командасы учурда иш үстүндө.

Биринчиден, мектеп директорлорун дайындоо “чү” дегенде эле чуулар менен башталып, эмдигиче нечендеген мектептер директорлору жок кыйналып келишет.

Негизинен он жылдан көп иштеген мектеп директорлорун алмаштырса туура болмок, беш жылда алар жумуштун анык жана туура эмес жактарын так үйрөнүп, даана жетекчи катары бышкан мезгилдери да.

Арасынан ким начар иш алып барып жаткандарын анализдөө жолу менен тактап алуу оной. Мектепте беш жылдан ашык иштеген директорлордун баарын бир кылка алмаштыруу туура эмес болгондуктан, мектептердеги билим берүү системасын үзгүлтүккө алып келди.

Экинчиден, жогорку окуу жайлары боюнча жүргүзгөн дереформалар. Ректорлорду дайындоо мыйзамы күчүнө кирери менен эле Кыргызстандын улуттук университетине өзүнүн илимий жетекчисин ректорлукка өзү сунуштап койдурду. Негизинен жогорку окуу жайларды бириктирүүнүн базар (рыночный) экономикасы учурунда кереги жок болчу.

Рынок экономикасынын мыйзамы боюнча суроо-талап түгөнсө кандай тармак болбосун ал өзүнөн өзү жоюлат. Бул иш-чарага түрткү болгон А.Бейшеналиевдин Ат-Башыга чейин барып, конокторун кошо сыйлашкан досу, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору М.Чыныбаев менен экинчи досу ОшМУнун ректору К.Кожобековдун идеялары болгон.

Баардык мамлекеттерде ЖОЖдордун багыттары өзүнчө спецификага ээ жана өз алдынчалыкты талап кылат. Баардык окуу жайларды бөлүүгө тоодой негиздер болгон, алардын баары бир учурда жокко чыгарылып, нечендеген адистер жумушу жок калышты.

Ошол эле учурда университеттин кызматкерлеринин арасында өзү жумушка алып келген кызматкерлердин М.Чыныбаевдин туура эмес иш алып баргандыгы үчүн кайрылган арыз-муңдары министрлик тарабынан каралбагандыктан, өз билгенин жасап келет.

Бул маселени окуу жайдын кызматкерлери байма-бай айтып келишет, жыйынтык жок. Кызыктуусу, мындай чоң окуу жайлар бириккен учурда (реорганизация болгондо) жетекчисинин алмашуусу абзел болчу, буга министрлик эмдигиче көз жумуп жатат. Кыргызстанда бийликти бир жерден эмес (децентрализация) ордунан башкаруу (мисалы, акимдер менен айыл өкмөттөрүнүн бийлигин күчөтүү) процесстери жүрүп жаткан учурда бийликти бир жерге чогултуу туура эмес, окуу жайды башкаруу кыйынчылыкка дуушар болуп, окуу процессинин сапатын начарлатат.

ОшМУнун ректору шайлоодо одоно кетирген кемчилиги үчүн жумуштан кетирилип, кайра ордуна келгенден кийин түштүк жергесинде теңи жок “всемогучий” болуп, түштүктөгү окуу жайларынын баарына өзүнчө эле башчы, президент менен кабинет башчысынан башканы укпай, ага эч ким баш көтөрүп сүйлөй албай турган мезгили. Өзүнчө статус берилгенден кийин ОшМУга башка ректорду дайындаш керек эле.

Акыркы маселе реорганизация болгон жана өзүнчө статус берилген баардык окуу жайларга тийешелүү. Бул маселени чечүүдө ротация методун колдонсо туура болот, ошондо “жергиликтүү хандар – мафиялар” жоголот. Кийинкиси Ош технологиялык университетине (ОшТУ) ректорлукка өткөргөн конкурс болду. Жалпысынан 17 талапкер, арасында 5 илимдин доктору, министрдин орун басары жана ректор болуп иштеген кызматкерлер катышышты.

Алмазбек Бейшеналиевдин орун басары Расул Авазбеков конкурстук комиссиянын төрагасы болуп, мүчөлүккө М.Чыныбаевди кошушуп, Р.Авазбековдун мурдагы коллегасы, А.Бейшеналиевдин “кошелёгу”, ОшМУнун ректору К.Кожобековдун досу жана коллегасы, билим тармагында аты угулбаган Ж.Турсунбаевди өткөрүштү. Конкурсту кой санагандай эле түшкү демалышка чейин 12син, калган бешөөнү кечке эрмектешти.

Бул министрликтин кадр тандоо саясаты коррупциянын өнүккөн формасын көрсөттү. “Ж.Турсунбаев жогорудагы талапкерлердин ичинен кандай критерийлер менен тандалды?” деген суроо туулат. Эл арасында Ж.Турсунбаевдин канча акча бергени, ал сумманы үч дос чогултканы ачык эле айтылып жүрөт.

Буга далил А.Бейшеналиевдин буга чейин суранганда дагы кабар алып койбогон ОшТУга барганы, коллективге тааныштырган учурда Ж.Турсунбаевди тандоодо ОшМУнун ректорунун сунушун эске алганын айтканы ОшТУнун жамаат арасында түрдүү ойлорду жаратып, ачык боюнча талкууланып келет. “Мафиялар” баш көтөргөн…

Учурда министрликтин ичиндеги кадр саясаты өзгөчө мааниге ээ болгон мезгил. “Балык башынан сасыйт” дегендей, А.Бейшеналиев министр болору менен баардык орун басарларын өзү тандап, алып келген командасы менен иш алып барды. Ошондуктан А.Бейшеналиевдин орун басарлары жана анын идеялогиялык достору моралдык жактан жоопкерчиликтери болсо, жумушунан өз каалоосу менен кетүүлөрү аларга абийир алып келет, кетишпесе алмаштыруу керек, анткени алар А.Бейшеналиевдин коррупциялык саясатын ишке ашырышты, саясатын улантуучулар.

Ошол эле учурда А.Бейшеналиевдин мурунку орун басары Уланбек Мамбетакуновдун жаңы министр болуп дайындалганы суроо жаратат. А.Бейшеналиев кандидаттык илимин У.Мамбетакуновдун атасы жетектеген спецсоветтен жактаган, булар ат-башылыктар, министрликке бири кетсе экинчи жердешинин келгени элди таңгалдырууда. Депутаттарыбыз мындай маселени дыкат карашчу эле…

“Белгилүү окуу жайлардын ректорлорунун көпчүлүгү Нарын облусунан болгон соң, министрликти Ат-Башыга берели” деп ич ара “уча” тартканга окшойт. Бул маселени элибиз мафиянын облустан райондук деңгээлге чейин таркагандыгынын белгиси катары түшүнүүдө.

Ошол эле учурда Бишкек шаарындагы белгилүү жогорку окуу жайларында Кыргызстандын калкынын 65%ын түзгөн түштүк жергесинен бир дагы ректордун жоктугу баарына маалим, бирок министрлик тарабынан эч кандай чара көрүлбөй келет.

Кара кылды как жарган кыргыздын калыстык чечимдери кайда кеткен, практикада чиновниктерибиздин саясый экономикалык абалга калыс карап, туура чечим алган учурун качан көрөбүз? Илим тармагында болсо академиктерибиз менен илим кызматкерлеринин нааразы болгон үнү булбулдай эле сайрады, министрлик аларга көңүл буруп койгон жок.

Министрликтин аты “Билим жана илим” болгонуна карабай илим башкармалыгы бөлүмгө айланды, башчылыгына “Ала-Тоо” университетинде иштеген Германияда чогуу бир бөлмөдө жашаган коллега-досу, нарындык “гюленчи” Ж.Жакшылыковду койду.

Өнүккөн мамлекеттерде илим тармагы биринчи орунга чыккан учурда бул такыр эле терс көрүнүш. А.Бейшеналиевдин жоругу күнү-түнү эл үчүн иштеп жаткан президентибиз менен министрлер кабинетинин төрагасы жана алардын командаларынын, билим жана илим министрлигине, бул тармакта өмүр бою иштеп эмгек сиңирген кызматкерлерибиздин жүзүнө чиркөө болуп, эл арасында катуу резонанс жаратып, билим тармагына материалдык жана моралдык жактан орду толгус жоготууну алып келди.

Уланбек Мамбетакунов министрлик жумуш ордуна татыктуу экендигин көрсөткүсү келсе, билим жана илим тармагындагы саясатты кескин өзгөртүп, жогоруда көрсөтүлгөн жана башка А.Бейшеналиевдин жердешчилик жана досчулук маанайда жасаган дереформаларынын баардыгын дыкат карап чыгып, аларды жокко чыгаруусу – учурдун талабы.

Булак: Азия News гезити