Ош шаарында жарамазан айткан балдардын ата-энесине айып салынды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош шаардык милициясы тарабынан ыкчам профилактикалык иш чаралар жүргүзүлүп, түнкүсүн өз алдынча жүргөн жарандардын ата-энесине айып пул салынды.

Маалыматка ылайык,коомдук жайларда , көчөдо жарамазан айтып жүргөн балдардын саны 116 ге жеткенин аныкталган.Алардын айрым бөлүгү балдардын реабилитациялык борборуна жеткирилсе, 14 бала ата-энесине өткөзүлүп берилген.

Ош шаардык милициясынын маалыматында ,» Ош шаарынын аймагында Орозо айынын келиши менен кайыр сураган жана жарамазанды шылтоо кылып, тилемчилик жасаган жарандар , балдар кескин көбөйүп кетет. Айрым замандаштарыбыз бул айдагы адамдардын кайрымдуулукка жасаган аракеттеринен пайдаланып,акча алуунун жолуна айландырып келет.Өзгөчө ата-энелри тараптан тиешелүү көзөмөлү жок балдар кечкисин жана түнкүсүн коомдук тамактануучу жайларга баш багып, жараазанды шылтоолоп кайыр сураганга өтүп алышты»-деген.

Ошондой эле, шаардык милициясы ушундай багыттагы иш чара дагы уланаарын билдирди.

Булак: Аргумент кж

Аргумент.kg