Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков коллегаларын уят кылууда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Башынан эле Ош шаардык кеңеши менен мэриясынын ишмердиги оңолбой келет. Көрсө, көчөдөн, соода-сатыктан келген кадрлар артка тартат тура. Маселен, учурдагы Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков коммерсант катары жан багып келген. Зайнабидинова көчөсүндөгү Жусуп аттуу ишкердин дүкөнүндө сатуучу болуп иштечү. Кичине чөнтөгүн толтуруп алган соң, депутаттык мандатка жулунуп, андан төрагалыкка чейин жетти. Бирок мамлекеттик, шаардык деңгээлде билими, тажрыйбасы жок. Учурда коллегаларын уят кылууда. Мындай “тыңчыкмалар” төргө чыккандан кийин үмүт үзүлгөнү ушул – карапайым калктын шору дагы көп окшойт…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg