Ош: Балдар үйүнүн кызматкери беш жаштагы кызга ырайымсыз мамиле көрсөткөнү айтылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош шаарындагы «Лотос» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн кызматкери мекемедеги беш жашар кызга ырайымсыз мамиле көрсөткөнү айтылды. Бул тууралуу 17-февралда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордун аймактык бөлүмүнө «Лотос» балдар үйүнүн кызматкери 5 жаштагы тарбиялануучуга катаал мамиле жасаганы тууралуу видеоматериал келип түшкөн.

Үстүбүздөгү жылы 10-февралда Ош шаардык прокуратуранын өкүлү катышкан комиссиялык топ мекемеге текшерүүгө барган. Анда мекеменин жетекчиси Рахат Амановага денесинде көгала тактар жана гематомалар көрүнгөн кыздын чоо-жайы тууралуу суроолор берилген.

«Кыздын колундагы жана далысындагы көгала тактар мекеменин жетекчиси өзү урушуп жаткан балдарды тынчтандыруу максатында кызды ийининен кармаган, анын колдорунда маникюр жасалганына байланыштуу баланын сезимтал териси жабыркаган», — деп айтылат улуттук борбордун билдирүүсүндө.

Ал эми Аманова жабырлануучу кыздын жүзүндөгү тактар боюнча «комиссиянын суроолоруна так жооп бере албай, бул фактыны танууга киришкен». Ал «кыз жөн гана кулап түшкөн болушу ыктымал» экенин айткан.

Улуттук борбордон «Лотос» балдар үйүнүн жетекчиси Рахат Аманова жана жабырлануучу кыз менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгында, мекемеде «мыйзамсыз аракеттер жасалган деген бүтүмгө келишкенин» билдиришти.

Окуя боюнча чогултулган материалдар мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүү үчүн Ош шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле аталган ишти Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор көзөмөлгө алып, учурда жабырлануучу кызды башка мекемеге которуу маселелеси каралууда.

Ал эми бул иш боюнча Ош шаардык прокуратурсынан «Клоопко» кийинчерээк маалымат берилерин билдиришти.

Аргумент.kg