Коом

Орусияда дайынсыз жоголгон кыргыз жарандарынан төртөө өлүкканадан табылган

2021-жылдын 9 айынын ичинде Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Орусия Федерациясында дайынсыз жоголгон 64 жарандын жакындары издөөгө көмөктөшүүнү суранып кайрылышкан.

Бул тууралуу ИИМ билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү өлкөнүн Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте аталган өлкөнүн аймагында дайынсыз жоголгон мекендештерди жана узак убакыттан бери туугандары менен байланышпаган кыргыз жарандарын издөө боюнча иштерди жүргүзүп келет.

Анын алкагында, үстүбүздөгү жылдын 9 айынын ичинде жакындары көмөк сурап кайрылган 64 жарандын 57синин дайыны аныкталган. Анын ичинде 47 жаран ушул жылы, 10 жаран мурдагы жылдардан бери издөөдө болгон.

2021-жылы изделип жаткандардын ичинен 4 жарандын жансыз денеси киши колдуу болгон белгилери жок өлүкканадан табылган. Ошондой эле, 1 жарандын өздүгү аныкталбай, ал боюнча туугандык мамилесин тастыктоо боюнча экспертизанын (ДНК) натыйжасында таанылып, учурда процессуалдык текшерүү жүргүзүлүп жатканы маалымдалды. 1 жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн жана 8 жаран эркинен ажыратылган жерлерден табылган.

Ал эми өткөн жылдардан бери изделип жаткандардын бешөөсүнүн жансыз денеси өлүкканадан киши колдуу болгон белгилери жок табылып, 1 жаран эркинен ажыратылган жерден жана 4 жарандын туугандары менен байланышпай, үй-жайсыз калышканы аныкталган.

Маалыматта ИИМдин Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгү учурда аймактык бөлүмдөр менен биргеликте калган дайынсыз жоголгондорду издөө иштерин улантып жатканы айтылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *