Орус саясатчысы Михаил Ходорковский: “Путин кыргыз бийлигиндей болуп өз жаранын коргой албайт”

Орус саясатчысы Михаил Ходорковский Викрам Рузахуновду бошотуп алуу боюнча өз пикирин билдирүү менен кыргыз бийлигине суктанганын ачык айтты. Ал өз билдирүүсүндө казакстандагы коолагаңдан улам сырттан келген көптөгөн жарандар кармалып, бирок кыргыз бийлиги өз жаранын четке таштабай коргоп жатса улуу держава болгон Россия бийлиги жылдан ак жеринен караланып жаткан өз жарандарын көңүл сыртына калтырганын баса беолгилеген.
«Казакстанда коогаланга катышы бар деген шылтоо менен камакка алынган кыргыз музыканты Рузахунов бийликтин жардамы менен аман-эсен Бишкекке кайтып келди. Кыргыз бийлиги дароо өз жаранынын укугун коргоп нота жиберип, кылмыш ишин козгоп, медиа өнөктүгүн өткөрүп, акыры аны бошотуп алышты. Биздин София Сапега дагы эле Лукашенконун зынданында олтурат. Орус жарандары Путин үчүн өз эмес», — деген пикирин калтырган.

Add your comment

Your email address will not be published.