Ортомчу алдамчыларга жем болгон кыргыз мигранттары

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Россияда жүргөн кыргыз улутундагы эмгек мигранттары акыркы мезгилде көптөгөн ортомчу  алдамчыларды курмандыгына айланууда. Алар Россиянын ири шаарларынан жаңы келген кыргыз мигранттарын табышат дагы аларды убактылуу каттоодон өткөрүп берүүнү сунуш кылышат. Ал үчүн 60-250 АКШ долларын төлөм катары талап кылышат. Тилекке каршы көпчүлүк кыргызстандыктар алардын кайрылмагына илинип документтерин жана сураган акчаларын беришет. Бирок эч кандай каттоодон өтпөй Россиянын укук-коргоо органдарына кармалып, өлкөдөн чыгарылып жиберүүгө дуушар болушат. Ошол себептүү өлкөнүн укук- коргоочулары кыргыз эмгек мигранттарына кайрылып, ортомчуларга алдамбоону үйрөтүүгө аракеттенишүүдө. Алар мигранттарды ортомчусуз эле өздөрү Россиянын керектүү органдарына кайрылып,документтерин тапшырып каттоодон өтүп алгыла деп сунуш кылат, бирок ортомчу алдамчыларга илинип калган. Кыргыз мигранттардын саны акыркы учурда тилекке каршы өсүп баратат.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg