
Орто-Сай базарында акцизи жок 3,4 миң куту тамеки аныкталды
25-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкекте акциздик маркасы жок 3 миң 392 куту тамеки аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкектин Орто-Сай базарынын аймагында акциздик маркасы жок тамекилерди сатуу фактылары ачкыталган.
«Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн ар кандай аталыштагы 3 миң 392 куту тамеки табылып алынган. Мыйзам бузууга жол берген ишкерге карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Булак: Аргумент кж