Орозайым Нарматовага түрмө жагыптыр. Түгөйүн табабы?..

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Баш коргоо чарасын кароо үчүн Орозайым Нарматованы сотко алып келсе, тим эле байбичедей сүйлөп, маек бергенге үлгүрдү. “Тамак берип жатышат, семирип калдым. Камалган коркунучтуу эмес экен. Эл, жерди коргоп отурабыз…” деп жобурады. Кыскасы, түрмө жагып атыптыр. Таңгаласың. Билим алып, тажрыйба топтой турган куракта саясатка ашкере малынып, келечеги бүдөмүк тартып турат. Дипломун да сатып алып, анысы жараксыз абалда калган. Мындай шартта чоң саясатта жүрүү моралдык жактан туура эмес. Себеби, дүйнө алдыга жылууда, келечекте билимдүүлөр бийликке келишет. Бул мыйзам ченемдүүлүк. Ал эми Орозайым убактылуу пиар жасаганы менен артта калууда. Эми мынча болду, түгөйүн тапканга аракет кылса жарашмак. Жок дегенде эне болуп, бала-чаканы тарбиялоого кызыкпайбы? Коомдон татыктуу ордун табуусуна тилектешпиз, тек гана кеңеш да…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg