Орозайым Нарматова Адахан Мадумаровду кыйынчылыкта сатып кетти

Орозайым Нарматова Адахан Мадумаровду кыйынчылыкта сатып кетти

13-теке, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Кийинки убакта өтө көп болбосо да «Бүтүн Кыргызстан» фракциясындагы  ЖКнын экс депутаты Орозайым Нарматованын кайсы бир телеканалга берген маеги талкуу жаратууда. Анда Нарматова: «Биз жаштар карт бөрү саясатчынын айткандарына ишенип алыптырбыз, бизге көп мамлекеттин жетекчилери келбей калат биздин президентти да эч ким кабыл албай коёт деген. Кумтөрдү алам десе эле алып коймок беле десе биз Мадумаровго аябай ишендик. Бирок практикада баары тескерисинче болду. Башка өлкөлөр менен президент катары сонун эле алака-береке кылып жатат. Кумтөрдү да мамлекетке алды. ушулардан улам мен Мадумаровго көп ишенбей калдым»-деп жооп берген. Айрым эксперттер болсо Нарматованын бул кадамын мындай нерсе саясатта болуп келген мындан ары да боло берет деп баа беришти. Коомчулуктун айрым өкүлдөрү Мадумаров болбосо Орозайым ким эле дегенге чейин барышты. Жөнөкөй эле жүргөн керек болсо диплому жок кызды ЖКга депутат кылды эле. Мына алган «ырахматы» ушу болду дешүүдө. Сыртынан карасаң чын эле ушундай көрүнүшү толук мүмкүн. Бирок кичине ичине үңүлсөк маселе бир топ эле татаал. Чын эле Мадумаровдун төбөсүнө кара булут уюлгуп калганда жүзүн үйрүп кетти десек туура болот. Бирок чыныгы картина кандай аны көбүбүз аңдай албай жатабыз. Ошондуктан бул окуяга туура жана терең баа берүү үчүн бир топ аргумент фактылар ачыкка чыгышы керек. Балким убактысы келгенде чын эле ошондой болоор. Бирок коомчулуктун көпчүлүк окурмандары саясатын таза эмес балит нерсе тура Нарматова ушундай кадамга баргандан кийин дешүүдө.

Ким билет?  Айтор ушунун баары саясаттагы жол оңой жол эмес дегенди далилдеп тургансыйт.

Булак: Аргумент.кж