Оролбек Акпаров иштебей отурганда, уюшкан кылмыштуулук күчөй берет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кочкор РИИБ начальниги, орун басары жана дагы үч кызматкери уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен биригип кетишкени ачыкталды. Жергиликтүү ишкердин жабыркаганы, мындайга милиция кайдыгер карап, УКТ тарапта болгону коомчулукту таңгалдырды. Натыйжада, УКМК оор беренеге шектүүлөрдү камакка алды. 

Дал ушул теманын тереңинен алсак, олуттуу мандемге кез келебиз. Кочкор окуясына ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги Оролбек Акпаров да түздөн-түз күнөөлүү! Баардык аймактардагы УКТны ушул система тескеп, профилактикалык иштерди алдын ала жүргүзүп турушу кажет. Тилекке каршы, билими, тажрыйбасы тайкы Оролбек Акпаров аталган кызматка келгени кылмыш чөйрөсүнө эркиндик берилген. “Эшек жайлоо” сыңарындай. Ошон үчүн “кызылы” менен “карасы” аралашып, ишкерлерди тоноп жатышпайбы. Начальнигиң ушундай айдатма, иштин көзүн билбеген бир көңдөй болсо, өздүк курам кимден, эмнеден үлгү алмак эле? Ашмалтайы чыгат да…

Баса, ГУБОП деп мурдатан аты сүрдүү айтылган мекеме да Оролбек Акпаровго түз карайт. Булар УКТга каршы иштеп келишкен. А учурда уйкусурап отурушат. Мамлекет мындай бекерпоздордун ордосун жөн эле бага береби? Жоюп жибериш керек. Ансыз да шерменде болушту…

“Ооруну жашырса өлүм ашкерелейт” деп бекер айтылган эмес. Учурда ИИМде кескин түрдө кадрдык жаңылануу жасалбаса, эртең кеч болуп калат. Кашаңдарды кесипкөйлөргө алмаштыруу керек. Бул жагынан Чүй ОИИБнин айрым жетекчилеринен үлгү алышса не? Аныгында, Оролбек Акпаровдун ордуна айтылуу “Тайган” келсе, төп келишет беле?..

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg