«Ордуңузду бериңиз, иштей турган аялдарга». Мажитова Байсаловдун дарегине сын айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун дарегине сын пикирин айтты.

Бүгүн, 21-ноябрда ЖКнын Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында сөз сүйлөп жаткан депутат Мажитова бийлик социалдык тармакка жетишерлик көңүл бурбай жатканын айтты. Анын айтымында бул тармакка жооптуу болгон Эдиль Байсалов өз ишине эмес саясатка киришип кетип жатат.

«Миллиарддаган сом акчалар кетип жатканы менен социалдык тармакта өнүгүү болбой жатат, жакырчылык өсүп жатат, зордук-зомбулук токтой элек. Бизге жада калса БУУда бул тууралуу эскертүү билдирди. Ал эми Эдиль Байсалов саясатка киришип кетет экен, соцтармакты карабай эле. Же сиз ордунузду иштей турган аялдарга бошотуп бериңиз. Болбосо иштеңиз», — деген пикирин айтты.

Депутатка жооп берген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соцтармак унутта калды деген пикирге кошулбайт.

«Эдиль Жолдубаевич боюнча айткан маселени биз карап көрөлү. Мурун бир эле айым бар эле, азыр эки айым болуп калды өкмөт мүчөлөрүндө. Балким вицелердин арасында да бир айым болуш керек десе, ошондон кырдаал оңолсо, анда биз ошондой кадамдарга барууга даярбыз. Менин оюм боюнча Эдиль Жолдубаевич азыр өзунүн ордунда иштеп жатат, биз айткан тапшырмаларды, президенттикин, меникин аткарганга аракет кылып жатат. Эми кадрларды да тарбиялаш кере экен. Баарыбызга бир жыл эми болоюн деп жатат, көбү жетпей калды бир жылдык финишке. Бирок министр болуп төрөлүп калбайт экен…», — деди Жапаров.

Аргумент.kg