
Оператор Эрнист Сыдыков » клипмейкер болбосом жүк ташуучу унаанын айдоочусу болмокмун»
24-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКлипмейкер, оператор Эрнист Сыдыков 34 жашка чыкты.
Ал көпчүлүк кыргыз эстрада жылдыздарынын клиптерин өзгөчө сюжеттик окуялары менен тартып келет.
Клипмейкер болбосом, жук ташуучу унаанын айдоочусу болмокмун
— Мен 1989-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулгам. Балалыгым Ноокатта өтту. 6-7-9-классты Бишкекке келип окудум.
Жогорку класстарда кайра айылга барып, чон энемдин колунда болдум. Уй-булөдө төрт бир тууганбыз. Төртөө тен уул, мен эн
улуусумун.
Оператор, клипмейкер болом деген ой менде такыр жок эле. Айылда мал карап эле жүргөн кезимде бир агам «мал багып эле жүрө бербей, той-топурларды тартпайсынбы» деп камера алып берген болчу. Ошондо камераны биринчи жолу көрүп, кассетага тартып, видеомагнитофонго коюп алып телевизордон көргөндө тан калгам. Аябай кызыгуум пайда болуп 8-класстан баштап айылдагы тойлорду тартып баштагам. Атам айылда жук ташуучу болуп иштечи. Мен дагы анын жолун улап, ошондой кесипти
аркалагым келчу. Бирок камераны көргөндөн кийин ал оюмдан дароо кайттым.
Сабактан кийин классташтарымды клипке тартчумун
— Ошол кезде шоу-бизнесте Замир Мырза, Темир Назаров жаны чыгып, эстрадада чон жанылык болгон эле. Алардын клиптерин көрүп алып, ушундай тартса болот экен деп мен да клип тартууга кириштим. Айылдагы классташтарымды сабактан
кийин тизип алып, аларды тартчумун. Мына ошондо кызыгуум абдан күчөп, жадакалса сабакка да жакшы көнүл бурбай калдым
Анан камера тартканды үйрөткөн окуу жай болот бекен деп көпкө ойлонуп журдум. 11-класс учурумда Бишкектеги бир агам кино оператордук бөлүм бар экенин айтып мага сунуштап калды. Ойлонбостон сүйүнгөн бойдон борборго, азыркы Бубусара
Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине келип тапшыргам. Беш жыл окуп, көп нерсени үйрөндүм.
Кардарларым көп
— Окуп жүргөндө кино оператору болом деп жүрчүмүн. Ошол учурда көчөдөн эле кокустан ырчы Данияр Эрматов менен таанышып калдым. Ал ырдайм деп калды, ошентип Чынгыз деген досумдун камерасын алып, Даниярга клип тарттык. Чынында
жакшы чыкты. Кийин дагы тарттым. Ушинтип байма-бай тарта берип, бул күнгө чейин кардарларым үзүлбөй келет. Жок жерден эле клипмейкер болуп кеттим. Бирок кесибим боюнча кино оператормун.
Сюжеттик окуялар менен клип жаратам
— Көпчүлүк учурда өзум ырды угуп көрүп, анан ага сценарий жазам. Ар бир клипмейкердин өзунун тартуу стили бар. Байкасак, угармандарына жараша ырчылардын да өз стили болот. Клипмейкерпердин да түрлөрү бар. Мен көбүнчө сюжеттик окуялар
менен клип жаратам. Алгач ырга маани берип угуп, ичине кирип, ар кандай окуялар менен элестетип көрөм. Калп айтпасам, бир ырга 4-5 саат идея ойлонуп отурам. Кээ бирлери өздөрүнүн даяр идеясы менен келишет. Ага жараша тартып берем, бирок кичине окшошпой калат. Анан «өзумдун идеям менен болсо башкача болмок» деп калам.
Булак: Аргумент кж