Операциядан чыксам кыздарым эмес жек көргөн келиним тосуп алды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мени кечир! Колумду кое бер, жетелебе! Жыгылып кулаганым жакшы. Жок, “апалап” чай сунба! Муздак суу жетет. Оорусам жылуулап жууркан жаппа! Мен сенин сыйыңа татыксыз кайын энемин!
Телефонумду төшүмө кучактап алып ыйлап жаттым. Медайым үнсүз тиктеп турду.
“Келин кыз болбойт”,-деп көп айтам. Кылган ишинен кымтык таап, балам экөө эркелешип сүйлөшүп калса мурдумду чүйрүм. Кийген кийимине чейин асылып, кээде духисинин жыты жакпай жатканын айтып чыгып кетем. Жок жерден уруш чыгарып, ыйлап отурса мыйыгыман жылмаям. Башка кайын энелерге окшоп келинимди той-топурга ээрчитип албай, соксойуп жалгыз барам.
Эки кызым бар. Күн сайын аларга чалып даттанам. Жок кылыктарын ойлоп таап жаман көрсөтөм. Бир-эки жолу чакырттып, уруштурганыма эмне дейсиңер. Анда дагы унчукпай чыдап жүрдү.
Кыш. Базардан чыгып келатып тайып кеттим. Турайын десем бир нерсе “кырс” эле дей түштү, анан бутум шишип чыкты. Корконумдан бакырып кирдим. Ошол жердеги сатуучулар тез жардам чакырып беришти. “Открытый перелом.” Операция кылыш керек.” Дарыгер медайымдарга буйрук берди. Мени операция залына сүйрөп жөнөштү. Кыздарыма чалдым. Андан кийин күйөөмө анан уулума чалдым. Келиниме айткан жокмун.
Наркоздон кийин көзүмдү ачсам маңдайымда келиним отурат. “Апа, жакшысызбы?” Суу берип, теримди аарчыды. Уулум менен кыздарым кайда экенин сурадым.
— Эки эжеме чалсам албай коюшту, Жакшылык (балам) жаңы эле жумушуна кетти. Түнү менен экөөбүз жаныңызда болдук.
— Атаң кайда?
— Үйдө, малга чөп салганы кетти.
— Уктаган жоксуңбу?
— Жок. Сизди ойгонуп калабы деп күтүп отурдум.
— Тур, уктап ал, мен жакшы.
— Жок, апа, мен азыр врачты чакырып келейин.
Кечке маал эки кызым чалды. “Апа, жакшы болуп калыпсыз, барбай эле коелу. Бүгүн аяштарыбыз менен отуруштарыбыз бар эле. Макул кийин сүйлөшөбүз.” Телефонумду төшүмө кучактап алып ыйладым.
Бүгүн үйгө чыгам. Бир айдан бери бейтапканада жата берип тажадым. Балдак таянып алып сыртка чыксам келиним турат. Чуркап келип жетелеп жөнөдү. Биринчи жолу, “кызым” дедим

Аргумент.kg