
“Ооруган көңүлдү ким айыктырат?” Гүлшайыр Садыбакасова кызматтан кетүү арызын жазды
31-үчтүн айы, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваКыргыз Республикасынын эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын жетекчиси кызматынан кетүү арызын жазды. Бул туурасында ал жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.
“Арызымды жазып келдим. Эс алайын деп чечтим”, – деген Садыбакасова.
Белгилей кетсек, буга чейин ал социалдык тармактагы баракчасына “жеп койду” деп күнөөлөнүп, каралоого туш болгонун, кызыкдар тарап кокустан пайда болгон кырдаалды, кубануу, сүйүнүү менен пайдаланышканын жазып, жаңы жылдан кийин жумуштан кетем деген сөзүнө туруп, өз каалоосу менен арыз жазууга Бишкекке бет алганын билдирген.
Эске салсак, былтыр Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы маданият тармагындагы кадр маселесин, анын ичинде Ош облустук филармониясы тууралуу кеп козгогон. Ал имаратта оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөнүн, жараксыз абалда турганын айтып, жетекчилигин алмаштырууну сунуштаган.