Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов абактан чыгышат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү өтүндү.
Мындан сырткары, ал парламенттеги фракция лидерлерин бул демилгеге кошулууга чакырды. Президенттин атына жазылган кайрылууну “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду таратты. Экс-президент “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзам күнөөнү мойнуна алуу же өкүнүү шартын койбой турганын белгилеген. Анын айтымында, бул мыйзам ырайым берүү маселесин соттолуучунун жеке өтүнүчүнүн негизинде гана чечүүгө мамлекет башчысын милдеттендирбейт. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, 25-декабрда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов бүгүн түрмөдөн чыгышат.
Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg