Өмүрбек Бакиров мандатынан айрылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарынын административдик соту мыйзамды одоно түрдө бузуу менен бир жыл мурда болуп өткөн Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыктарын кайра кароого жана ыңгайсыз депутаттардын мандатын алып коюуга жол ачып бергенин Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров билдирди.

Депутат, Бишкек шаарынын административдик сотунун бул негизсиз жана мыйзамсыз чечими боюнча эл өкүлү жогорку инстанцияга даттанарын айтты.

Эске сала кетсек, Бакиров буга чейин бийликке сын айтып келген. Андан көп өтпөй кабинети менен коштошуп, сыртта калган. Тактап айтканда 23-ноябрда Өмүрбек Бакиров аны 18-ноябрда кабинетинен чыгарып салганын айтып, ошондон бери көчөдө жүргөнүн билдирген. Депутаттын айтымында, жардамчылары түшкү тамактанууга кеткен учурда кабинетине мөөр басып кетишкен.

Андан соң парламенттин чарбалык иштерин караган Президенттин иш башкармалыгы Бакировго 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын чыгарып салышкан.

1-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду 705-кабинетинде калтыруу боюнча депутаттык комиссия чечим чыгарган. Көп өтпөй бул боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, мыйзамсыз аракеттерди аныктаган. Ошону менен бирге Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованы кызматтан алуу сунушталган.

Аргумент.kg