Өмүрбек Бабанов жазда баш көтөрөбү?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Айрым бир саясий узун кулактардын баамына караганда,  азыр кайда экендиги белгисиз сыяктанган Өмүрбек Бабанов тымызын активдүү аракетке камданып жаткандай. Ал сыртка ачык чыгарбаса да, саясий технологдордун күчтүү командасын түзүп жаткандай.  Максаты бирөө гана. Кийинки президенттик шайлоодо өлкөдөгү биринчи бийликти сөзсүз алуу. Эгерде каражат жактан алсак, албетте анын мүмкүнчүлүгү абдан чоң. Эми максаты Кыргызстан үчүн баардык тарабынан идеалдуу жетекчи Бабанов гана боло алат деген ишенимди калктын калың катмарына сиңдирүү милдетин алдыга коюп жатышыптыр.Келе жаткан жаңы жылдын алгачкы айларында эле Өмүрбек мырза, ар кандай күчтүү пиар кадамдарды жасашы мүмкүн деп жатышат.Максатынын дагы бир бөлүгү катары, Бабанов Кыргызстандагы бийлик системасын президенттикти жоюп, парламенттик системаны киргизүү үчүн ички сырткы мүмкүнчүлүктөрдү колдонот сыяктуу. Эң негизги таянычы Россиянын азыркы бийлиги болуусу толук мүмкүн дегендер да жок эмес.

Мындай Наполеондук пландардын чын төгүнү келе жаткан жаздын алгачкы күндөрүндө эле ачыкка чыгат деген эксперттер да жок эмес. Жаз деле эртең эле келет, күтө туралы.

Аргумент.kg