Саясат

Өмүрбек Бабанов келсе камакка алынат, ал Садыр Жапаровдун катачылыгын кайталагысы келип жатабы?

Саясатчы Өмүрбек Бабановдун бир тууган тайкеси каза болду. Анын акыркы сапарга узатуусуна Өмүрбек Бабановдун келиши күтүлүүдө.
Бирок, интернет колдонуучулар анын кайтып келишинен тынчсызданып жатышат. Белгилүү блоггер Акбалык Жумалиева мындай деп жазган.
“Өмүрбек Бабановдун тайкеси каза болуптур. Арты кайырылуу, жайы жаннатта болсун! Жакындарына сабыр тилейбиз. “Келип топурак салып кет” деп азгырып түрмөгө каматкысы келген күчтөр бар экен деген кептер айтылууда. Саясат үчүн башка бир адамдын азаттыгын курмандыкка чалып, өздөрүнүн кызыкчылыгын ишке ашыргысы келип жаткандарга курмандык болуп калуудан абайласа жакшы болот. Азыр, эптеп ызы чуу, тополоң чыгаргысы келгенге эки көзү төрт болуп жаткан ою бузуктар бар! Үнү жеткендер, азырынча келбей туруңуз деп кеңеш берсеңер жакшы болмок”,-дейт ал.
Интернет желелеринде Жумалиеванын жазган постун колдоп, чын эле келбей турганы оң деп жазып жатышат.
Булак: NazarNews.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *