Момбеков: «Өлүп калган кишиге кантип кол койдурдуңар? Маркум депутат кантип Конституциянын автору боло алат?»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламентте каралып жаткан жаңы Башмыйзамдын долбоорунун автору көрсөтүлбөгөнүн сынга алды. Ал Конституциянын долбоорунун автору делген депутаттардын аты-жөнүн жарыялоону талап кылды.
«Жаңы келген документте бир да адамдын колу жок. Ал эми коштоп жүрүүчү документте 65 депутаттын аты илинип турат. Ал 1-мартта кириптир. 28-февралда көз жумган депутат Алмаз Акматов кантип кол койду? Кубанычбек Жумалиев түрмөдө жатса, кантип кол койду? «Референдум жөнүндө» мыйзам деп, силер Конституцияны алып келип жатасыңар. Антип алдабагыла. Бөрүбашевдин колу менен кирди. Инструкциясы менен кирди. Инструкция менен Башмыйзам кабыл алынбайт. Жогорку Кеңешке Бөрүбашевдики менен киргизип, чыкканда бир да депутаттын фамилиясы жок. 80 депутаттын фамилиясы жок. Мурдагы 80 депутат демилгелеген мыйзам башка, азыркы мыйзам башка болуп атат. Ошон үчүн бир да депутат унчуга албай отурат», — деди Момбеков.
Момбеков демилгечи 80 депутаттын атын ачыктап, аларга жоопкерчиликти жүктөө зарыл экенин билдирди.

Аргумент.kg